Ал-Кайида уюмунун өкүлү Первез Мушаррафты бийликтен четтетүүгө чакырды

Террорчулардын «Ал-Кайида» уюмунун орун басар жетекчиси Айман аз-Завахри интернет аркылуу кечээ таркатылган тасмасында Пакистандын президенти Первез Мушаррафты кызматынан четтетүүгө чакырды. «Ал-Кайиданын» өкүлү ошондой эле АКШ менен Британиянын Ирактагы саясатын сынга алып, алар Иракта көп жоготууларга учурап жатат деп белгилеген.