Калашников мылтыгы тынчтык орнотууга көмөктөшө алат

Атактуу "Калашников" автоматын чыгарган орусиялык инженер Михаил Калашников 26-апрелде Гавана шаарында Орусия менен Куба ортосунда аскерий-техникалык кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Анын айтымында, анын "Калашников" мылтыгын ак ниет менен туура пайдаланса, ал элдер арасында тынчтык орнотууга жардамдашат. Михаил Калашников азыр 87 жашта.