Парламент бүгүн өкмөттүн отчетуна добуш берет

БИШКЕК. Кыргызстандын тарыхында азыркыдай мажирөө жана аракетсиз өкмөт болгон эмес деп билдирди депутат Жантөрө Сатыбалдиев кечээги сессияда. Бирок,ал ошол эле учурда соңку бир жылда өкмөт өрт өчүргүчтөй иштегенин моюнга алат. Депутат Иса Өмүркулов өкмөттүн структурасынын туура эместиги анын ишине терс таасир тийгизүүдө деп белгиледи. Парламент үч күндөн бери өкмөттүн отчетун угуп атат. Бүгүн жабык добуш берүү менен анын ишине баа беришет.