Ирандын айтымында, эгер АКШ ага сокку урса, Америкага андан эки эсе көп зыян келет

Ирандын руханий жетекчиси аятолла Али Хаменейи кечээ күнү АКШга кайрылып, эгер АКШ Иранга аскерий сокку урса, Иран дароо жооп берип, Америкага андан эки эсе көп зыян тийгизет деп билдирди. 28-апрелде Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Иран боюнча отчет тапшырууга тийиш, Иран жетекчилиги болсо эч кандай шартта өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн токтотпой турганын билдирүүдө.