Р. Акматбаевге азырынча мандат берилбейт

БИШКЕК. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Балыкчы округу боюнча жеңип чыккан Рыспек Акматбаевге 29-апрелден кийин депутаттык мандат берилет деген маалыматты жокко чыгарды. Кечээги маалымат жыйынында билдиргенге караганда, козголгон кылмыш ишке сот чекит коймоюн БШК аны депутат катары каттабайт. Куршаб шайлоо округу боюнча 23-апрелдеги экинчи айлампанын жыйынтыгын чыгарыш үчүн БШК атайын комиссия түздү. Алгач бул округда Мамат Орозбаев алдыга озуп чыккан, бирок андан кийин төрт участкада добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.