БАТЫШ МЕНЕН МУСУЛМАН ДҮЙНӨСҮНӨ БААРЛАШУУ КЕРЕК

Азиза Турдуева Ислам менен Батыш маданиятынын өз ара карым-катнашына байланыштуу айрым маселелер 25-апрелде Прага шаарында “Азаттык” үналгысынын кеңсесинде талкууланды. Анда ислам менен батыш цивилизациясынын ортосундагы айрым түшүнбөөчүлүктөрдүн себептери тууралуу айтылды. Талкуунун катышуучулары ислам боюнча туура эмес түшүнүктөрдүн баары Батыш менен Исламдын өз ара баарлашуусундагы мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыгып жатканын белгилешти.
АКШнын Мэриленд штатындагы Ислам иштери боюнча кеңешинин директору Имам Мохамад Башар Арафат талкуунун негизги коногу болду. Ал белгилегендей, Куранда маданияттар менен цивилизациялар ортосундагы диалогдун зарылдыгы тууралуу да айтылган.

-“Кудай айтат - силерди айырмалуу кылып жараттым? Эмне үчүн мен силерди ар түстүү кылып жараттым? Эмне үчүн мен силерди ак, кара, кытай, кызыл, сары түс кылып жараттым? Бирин бири билсин деп. Бири-бириңердин маданиятыңарды да билгиле деп. Кудай бул өтө маанилүү деп айткан”,- деп белгиледи Арафат мырза.

Жыйында соңку жылдары Батышта мусулман калкы тууралуу маалыматтын аздыгынан ислам жөнүндө терс пикирлер орун алып жатканы белгиленди. Талкуунун катышуучулары ислам боюнча бир жактуу түшүнүктөрдүн баары Батыш менен Исламдын ортосундагы диалогдун, өз ара байланыштын жетишсиздигинен улам келип чыгып жатат деген пикирлерин ортого салышты.

Жыйында ошондой эле ислам экстремисттер тарабынан алардын жеке кызыкчылыктарында пайдаланып жаткандыгы тууралуу айтылды. Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт, “Азаттык” радиосунун жетекчи орун басары Жойс Дэвис айым мусулман дүйнөсүндө ислам боюнча Батышка туура түшүнүк берүү аракеттерин аркалаган адамдар бар экендигин кубаттай тургандыгын баса белгиледи.

-“Менимче, дагы бир жагдайды айта кетүү өтө олуттуу мааниге ээ – мусулман дүйнөсүндө ушул тапта, деги 21-кылымда дин эмне жөнүндө окутуу керек? деген суроого жооп тапчу жыйынга чакырык жасалып келет. Көптөгөн адистер айткандай, куралчан топтор исламды өз кызыкчылыгында пайдаланып келет. Демек, диний окууну алардын түшүнүгүнөн айырмалоо керек. Көптөгөн мусулмандар – имамдар, диниятчылар, ислам тууралуу байистүү мусулмандардын түшүнүгүнөн жоочулардын жоромолун айырмалоого далалаттанууда”, –дейт Жойс Дэвис.

1981-жылдан 1989-жылга чейин Дамаскта жогорку билим алып, имам кызматын аткарып, андан соң, АКШда жашап калган Арафат белгилегендей, АКШда да ислам тууралуу бир беткей түшүнүктөрдү тараткандар бар. Бирок, Кошмо Шаттарында дин эркиндиги бар жана ал жерде мусулмандарга да өз динин тутууга тыйуу салынбайт.

Жыйнында мусулман мигранттарынын Америка,Европа коомчулуктарына интеграциялануу маселелери да талкууланды.

Прагадагы Эл аралык мамилелер Институтунун өкүлү Павел Барса талкуу учурунда Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу АКШда иммигранттарды бириктирүү системасы дурус өнүккөндүгүн белгилеп өттү. Анын көз карашында АКШда Батыштын башка өлкөлөрүнө караганда иммигранттарга ийкемдүү мамилеле жасалат.

Арафат мырза мусулман мигранттарынын арасында алар башка өлкөдө жашап жатып, кайсы салтты кармашы керек деген маселеде ар кандай пикирлер бар экендигин маалымдады. “Мусулмандар башка маданияттарга жакындашы үчүн ачык болушу керек, Ислам адамдарга жакшы нерселерди кабыл алууга тыйуу салбайт”, дейт Арафат.

Жыйында ошондой эле исламдагы аялдардын укуктарын талуулашты. Арафаттын көз карашында мусулман өлкөлөрүндө аялдардын ар кандай социалдык тармактарда жигердүү иштөө аракеттери колдоого алынууга тийиш.

Талкуунун катышуучулары тарабынан ислам жөнүндө Батыштагы туура эмес түшүнүктөрдөн арылуу үчүн жогорку окуу жайларында дин боюнча программаларга да көбүрөөк көңүл буруунун зарылдыгы белгиленди.