Президенттин Москвадагы расмий иш сапары аяктады

БИШКЕК. Расмий сапар менен Орусияда жүргөн президент Курманбек Бакиев бүгүн да бир катар жолугушууларды өткөрдү. Москва мэри Юрий Лужков менен жолугушууда орус тарап соода-экономикалык мамилелер жана туризм багытында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Кыргыз президенти биргелешкен ишканаларды ачуу зарылдыгын, бул үчүн кыргыз тарап жер, имарат бөлүүгө даярдыгын белгиледи. Ушул эле күнү президент «Газпром» ишканасынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуп, тараптар биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууга жетишти.