Бермет Акаева Кыргызстандагы түстүү революция жөнүндө китебин чыгарды

«Караөзгөйлүктүн тикен гүлдөрү» деп аталган китебин Бермет Акаева бүгүн Бишкекте окурмандардын назарына сунуш кылды. «Кыргызстанда 24-марттагы окуяларды мамлекеттик төңкөрүш же козголон деп гана атоого болот» деп жазган ал китебинин биринчи главасында.