АКШнын каршылыгына карабай, Орусия Иранга баары бир жаңы курал сатат

Сапар менен Кытайда жүргөн Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов кечээ күнү - Маскөө Тегеранга жакын арада "Тор-М1" деп аталаган 29 антиракеталык система сата турганын тастыктады. Контракттын жалпы баасы 700 миллион доллар. АКШ жетекчилиги өткөн аптада дүйнө мамлекеттерине кайрылып, аларды Иран менен аскерий кызматташууну токтотууга чакырган.