К. Бакиев бүгүн Орусиянын өкмөт башчысы менен жолугат

БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин Орусиядагы ырасмий сапары уланууда. Кечээ мамлекет башчы президент Владимир Путин жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий мамилелерди,соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулаган. Бүгүн премьер-министр Михаил Фрадков баштаган саясий-экономикалык жетекчилер менен жолугушат.