Ф. Кулов: «Баары мыйзам чегинде болушу керек»

БИШКЕК. -29-апрелде тынч митинг болсо, аны уюштургандар коопсуздукту, тартипти камсыздоо жоопкерчилигин өздөрүнө алышса, анда өкмөттүн позициясы жөнөкөй – баары мыйзам чегинде болушу керек,- деп айтты Феликс Кулов бүгүн парламент жыйынынан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Премьер-министр митингде коюлуп жаткан талаптарга негизинен каршылыгы жоктугун, бирок кайсы бир адамдарды кызматтан кетирүү талаптары коюлушун туура көрбөстүгүн билдирди.