БИШКЕК. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Кадамжай жана Куршаб округдары боюнча өткөн кечээки парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Кадамжайдан Нооманжан Аркабаев атаандашы Чолпон Султанбекованы 3 пайыздай добуш менен артка калтырып, 51,21 пайыз добуш менен жеңишке жетти. Куршаб округунан Мамат Орозбаев 49,54 пайыз добуш менен алдыга чыкты. Анын атаандашы Санжар Кадыралиев 48,93 пайыз добуш алган.