'Ал-Жазира' сыналгысы Усама бин-Ладендин жаңы жазылып алынган кабарын угузду

"Ал-Жазира" сыналгысы кечээ күнү Усама бин-Ладендин жазылып алынган үнүн угузду. Анда бин-Ладен - ХАМАС уюму түзгөн Палестина өкмөтү менен Батыш мамлекеттери кызматташпаганы христиандар менен сионисттердин мусулмандарга каршы согуш жүргүзүп жатканынын далили деп билдирет. ХАМАСтын өкүлүнүн айтымында, алардын бин-Лваденге тийешеси жок.