Түркиянын чыгыш аймактарына кошумча аскерлер жайгаштырылууда

Түркия өкмөтү өлкөнүн чыгыш аймактарына миңдеген кошумча аскер жайгаштыра баштады. Бул аймактарда акыркы апталарда күрддөрдүн митинг-демонстрациялары болгон. Өлкөнүн аскерий жетекчилиги бул маалыматты тастыктады жана аны коопсуздукту күчөтүү максаттары менен актайт.