Мунайдын баасы рекорддук деңгээлге жетти

Бир баррел кара май Лондондогу биржада 74 долларга барабар болду. Мунайдын кымбатташын Иран кризисине байланыштырып жатышат. Аналитиктер болсо АКШда бензин запасы соңку аптада 5 миллион баррелге азайганын белгилеп, рынокко ушул жагдай таасир тийгизгенин айтышууда.

Эсенбай Нурушев, Прага