Иракта бүгүн парламент жыйынга чогулат

Ирактын жаңы шайланган парламенти өлкөнүн саясий күчтөрү өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөгү туңгуюктан чыга электигине карабай чогулууда. Күрд жана суннит партиялары азыркы премьер- министр Ибрагим ал- Жафаари эми жаңы өкмөттү да жетектөөсүнө каршы. Жафаринин өзү кечээ премьер-министрликтен талапкерлигин алуу мүмкүнчүлгүн четке какты. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш Ирактын саясий лиделерин өкмөт курууну тездетүүгө кечээ да чакырды. Иракта парламенттик шайлоо болгондон бери төрт ай өттү.