Италиянын Жогорку соту Романо Проди баштаган коалициянын жеңишин ырастады

Муну менен азыркы премьер- министр Сильвио Берлусконинин оңчул- борборчул коалициясынын жакындагы парламенттик шайлоонун добуштарды кайра саноо жөнүндөгү талабы четке кагылды. Мурдагы премьер- министр Романо Проди баштаган солчул- борборчул коалиция парламентте добуштардын саны жагынан бир аз гана артыкчылыкка ээ болот.