Пентагон Гуантанамо түрмөсүндөгүлөрдүн аты- жөнүн ачыктады

АКШнын коргоо министрлиги Кубанын Гуантанамо аралындагы түрмөдө кармалып тургандардын тизмесин биринчи ирээт жарыялады. Пентагондун интернеттеги баракчасына коюлган тизмеде 558 адамдын аты -жөнү жана алар кайдан экени жазылган.

Буга чейин "Ассошейтед пресс" агенттиги сотко доо арыз жолдоп, бул маалыматтын ачыкталышын талап кылган эле. Иштери 2004-2005-жылдары атайы аскерий трибуналдарда каралган ал адамдар антитеррордук операциялардын учурунда камакка алынган. Адам укугун коргоочу уюмдар АКШны Гуантанамо түрмөсүн жабууга буга чейин бир нече ирээт чакырышкан болчу.