Өзгөн депутаттары акимди ордунда калтырышты

БИШКЕК. Өзгөн райондук кеңешинин депутаттары кечээги чукул сессияда райондун акими Үсөнбай Абдраимовду ордунда калтырып, президент сунуштаган башка талапкерди четке кагышты. Эскерте кетели, президент 14- апрелде өз жарлыгы менен Өзгөн жана Каракулжа районунун акимдерин кызматтан алгандан кийин эки райондо тең нааразылык чаралар башталган. Бүгүн Каракулжа райондук кеңешинин депутаттары аким Жаныбай Асрановдун тагдырын чечишет.