Багдадда Саддам Хусейндин соту уланды

Мурдагы диктатор жана анын жети төбөлү 1982-жылы Дуджайл кыштагындагы шейиттерди кыргынга көрсөтмө бергени үчүн айыпталууда. Ушул эле күнү Ирактын утурумдук премьери Ибрагим ал-Жаафари өкмөт башчылыгына шейиттердин башкы талапкери бойдон каларын,башка кызмат тууралуу маселе болбошу керектигин билдирди. Шейиттер өз талапкерин сактап калганга аракет кылып, сүннүлөр жана күрттөр менен жүйүр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн эле.