"Барселона" "Миланды" бир нөл эсебинде утту

Европанын эң кадыр-барктуу мелдештеринин бири- Чемпиондор лигасынын жарым финалында бул эки команда кечээ беттешти. Топту "Барселонанын" франциялык чабуулчусу Людовик Жюли 57-минутада киргизди.

Бүгүн жарым финалдын экинчи оюнунда Лондондо британиялык "Арсенал" командасы Испаниянын Вильяреал командасы беттешет. Бул тараптардын жарым финалдагы биринчи беттешүүлөрү, алар алдыда дагы бир сыйрадан ойношмокчу.

Улан Эшматов, Прага