Азиза Турдуева, Бишкек Премьер-министр Феликс Кулов Адилет министрлигине турак-жай сатуудан алынчы салык жөнүндө өкмөт токтомун кайра карап чыгууну тапшырды. Анткени, Өкмөттүн 24-февралда чыккан токтомуна ылайык турак жайын саткан адам мамлекетке 10 миң сом салык төлөшү керек. Бирок, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр сыяктуу шаарларда квартиранын баасы 3 миңден 20 миң сомго чейин гана бааланат. Ошондуктан андай кичи шаарларда үйдүн өзүн саткандан көрө, аны бузуп, курулуш материалы катары саткан кирешелүү болуп калган.
Өкмөттүн токтому боюнча 26-марттан тарта өлкөнүн аймагында турак жайды сатууда 10 миң сом салык төлөнө баштаган. Ага чейин турак-жайдын баасынын 5 пайызы төлөнүп келген.
Бишкек, Ош шаарларындагы же алыскы кичи шаарлардагы турак-жайлар үчүн бирдей өлчөмдөгү салык киргизилгендиги Майлу-Суу, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр сыяктуу шаарлардын тургундарынын нааразылыгын пайда кылды. Бул маселени көтөрүп, кичи шаарлардын тургундары өкмөткө кайрылышкан.
- Өкмөттүн ушул жылдын март айындагы токтому туура эмес болуп калды. Анткени, анда Бишкектеги 10 миң доллардык үйлөргө деле, Майлы-Суудагы 10 миң сомдук үйлөргө деле бирдей салык каралып калды. Бизде ашып барса үйлөрдүн баасы – 15-20 миң сом турат. Анын ичинен 10 миң сом пошлина бюджетке төлөнсө, үй ээсине эмне калат? Ошондуктан, көпчүлүк адамдар үйлөрүн бузуп, терезе, эшиктерин, кыштарын сатып кетип жатышат. Биз аларды араң токтотуп жатабыз, үйлөрүңөрдү бузбагыла деп, шаардын да кебетеси кетип жатпайбы. Ошондуктан биз өкмөткө да кайрылдык, бул токтомду өзгөртүп берүү жагын сурап,- дейт Майлы-Суу шаарынын вице-мэри Анарбек Кулумбетов.
Кичи шаарлардын үйлөрүн сатууда мамлекеттик салыктын көлөмүн азайтуу жөнүндө маселени кайра карап чыгууну Бишкектеги мамлекеттик каттоонун жетекчисинин орун басары Молдокмат Тезекбаев да туура көрөт:
- Эми албетте Бишкектеги жана кичи шаарлардагы турак-жайлардын баасын салыштырып болбойт. Мисалы, кичи шаарларда баалар өтө эле төмөн. Менин пикиримде, бул маселени чынында эле карап чыгуу керек.
Шаарлар биримдигинин өкүлдөрү учурда кичи шаарлардагы турак-жай маселесин гана эмес, ал жерлердеги көптөгөн социалдык маселелерди комплекстүү түрдө чечүү жолу менен ал жактан агылган миграцияны токтотуу мүмкүн деп эсептешет.
-Азыр кичи шаарларга мамлекеттик бюджеттен өтө аз акча каражаты бөлүнөт. Алардагы инфраструктуранын абалы өтө начар. Ал эми шаардан кеткен жаштардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Ошондуктан, кичи шаарлардагы абалды жакшыртуу үчүн алардагы өндүрүш объектилерин иштетип, жаштарды жумуш менен камсыздоо керек,-дейт Шаарлар ассоциациясынын төрага орун басары Болот Жапаров.