ЖАЛАЛАБАТ : КАМАКТАГЫ АЯЛ ЖЫНЫСТЫК ЗОРДУКТООГО АЛЫНГАНЫ АШКЕРЕ БОЛДУ

  • Ырысбай Абдыраимов
Базаркоргон районунда тергөө камагында отуруп жыныстык зомбулукка кабылган келиндин окуясы ашкере болууда. 2003-жылы убактылуу камакта жатып, Токтоназарова Зулкумар аттуу жаш келин үстүнө киргизилген эркектерден боюна бүтүп, кыз төрөгөн.Бирок, баласын көргөн эмес.
Зулкумар Токтоназарова 2003-жылы буюм-тайым уурдады деген шек менен Базаркоргондогу убактылуу кармоо жайында сегиз айга жакын жаткан. Келиндин айтымында, ошол учурда абактагы эркектер аны үстүнө кирип жатып жүргөңдүктөн, ал кош бойлуу болуп калган:

- Нөөмөттөгү милиционерлер ИВСтеги эркектерден пул алып, аялдардын үстүнө киргизишчү. Ошол жерде Шахимардан деген кишиден боюма бала бүттү. Абалым тууралу апама билдирген каттарым ага такыр тийбептир. “Ден-соолугум жакшы” дедиртип, башкаларга кат жаздыртып, апама беришчү экен.

Ичи ооруган Зулкумарга дары беришкен. Келиндин оорусу кайра күчөгөндө ооруканага жеткирилип, төрөт бөлүмүндө да колунан кишен чечилбеген:

– 18-сентябрдын кечинде денемдин ысытмасы күчөдү. “Толгоо башталды” дегениме ишенбей коюшканда камактагылар «ооруканага алпаргыла» дешип, жаңжал чыгарды. Бала жакшы төрөлгөн, аны мага көрсөтүшкөн жок. Төрөтканада да кишен менен жүрдүм. Эки күндөн кийин кызым өлгөнүн камакка алып кетмек болгон ИВСтин башчысынан уктум. Жалган айыпты мойнума алдырмак болуп, желим таяк менен уруп-сабашкан. Былтыр ИВСте бир жума жатканымда тырмагымдын алдына ийне сайышты – деп эскерет камактагы күндөрүн Зулкумар.

Жыныстык зомбулук фактысы боюнча иш козголуп, убагында эки кызматкер иштен бошотулган экен. Бирок, Зулкумардын бузулган ден-соолугу жана тарткан моралдык зыяны үчүн компенсация өндүрүлгөн эмес.

Көрсө, Зулкумар өзүнүн күйөөсүнүн жалаасы менен абакка түшкөн экен. Апасы Касиеттин айтымында, күйөө баласы ит жеп койгон тоокторун аялына арта салып, уурдады деп арыз жазган:

Тоок уурдады» дегени менен тоогун жөжөлөрү менен ит жеп койгон. Кызым үйгө качып келгенде артынан келген күйөөсү ошентип айткан.

Ички иштер бөлүм башчысы Али Асадов Зулкумардын айткандары менен макул эмес:

– Тергөөчү аялдын тырмак алдына ийне сайгыдай, гестапо эмес. Милицияга болбогон иш аркылуу жалаа жаап атат, далил жок. Зулкумар өзү ууру аял. Мурдагы иштерин прокуратура текшерип, сотко жиберген - деди подполковник Али Асадов.