Эгер президент Курманбек Бакиев өлкөнү реформалоо аракеттерине чукул киришпесе, 29-апрелден кийин ага дагы жаңы талаптар коюлат. Митинг өткөрүү штабынын мүчөлөрү бүгүн ушундай билдирүү жасашты. Бирок, президент мындай талаптарды митингдер аркылуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырууда.
Демилгечилер президентке он чакты талапты коюп, митингге чейин аларды аткарууга киришүүсүн каалап жатышат. Алар президенти мыйзамдуулукту орнотууга, кылмыш чөйрөсүнүн бийликке келишине каршы турууга, конституциялык реформаны жүргүзүүгө, сот, тартип коргоо тармактарын реформалоого, маалымат, кадр саясаттарын иретке келтирүүгө чакырып жатышат. Уюштуруу штабынын мүчөлөрүнүн пикирлеринде азыркы бийлик шайлоо алдында оозеки, кагаз жүзүндө берген убадаларын аткарбай жатат. Коомчулуктун 24-марттан кийин пайда болгон үмүтүн актаган жок. Штабдын башчысы Өмүрбек Текебаев айрыкча кылмыш чөйрөсүнүн бийликке ачык умтулуусу эл аралык коомчулуктун да тынчын кетире баштады деп белгиледи:
- АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Баучер, Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, АКШ өкмөтүнүн атынан бир нече жолу АКШ элчилиги мындай көрүнүштүн кооптуулугун айтышты. Туура эмес болсо да колдоп туруу салтын КМШ өлкөлөру да бузду. Биздин кыска тарыхта муну биринчи Орусия бузду. Криминалды бийликке келтирүү болбостугун Бардюжанын жана тышкы иштер министрлик кызматкеринин оозу менен билдирүү жасады.
Депутат Жантөрө Сатыбалдиев кадр саясатын нааразылыктын жаралышын шарттап жаткан талылуу маселелердин бири катары атады. Нааразылык акциясын уюштуруп жаткандар талаптарды аткарууга президентте 29-апрелге чейин убакыт жетиштүү деп санашууда. Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, эгер, бул аралыкта президент реформалоо багытында кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга барбаса, нааразы тарап жаңы радикалдуу талаптарды коюп, митингди узак мөөнөткө чейин узартышы жана борбордук аянтка нааразы тараптардын шаарчасын жайгаштырышы ыктымал:
- Эгер эрки болсо бүгүн беш-алты жардык чыгарса болот. Талаптардын бардыгы эле биринчи болуп атат. Мисалы, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, тартип коргоо органдарын реформалоо, президенттин карамагындагы аткаруу бийлигине кире турган органдарды өкмөткө өткөрүп берүү, чарбачылык иштен кетүү…
Депутат Сариевдин айтымында, кийинки кадамда Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандемин токтотуу талабы коюлуп калышы ажеп эмес. Ал эми ага чейин оппозиция президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковду, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду, башкы прокурор Камбараалы Конгантиевди, коопсуздук кызмат башчысы Таштемир Айтпаевди кызматтан кетирүү зарыл деп эсептешет.
Күтүлүп жаткан митингде президентти кызматтан кетирүү талабын коюу планы жок жана ал 24-марттагы митингден түп-тамырынан айырмалуу болот. Мунун жайын Демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын лидери, депутат Кубатбек Байболов түшүндүрдү:
- 24-мартта ак шапкечендер келип эле, ошолордун сааты менен ак үй басып алынды десек, анда туура эмес болуп калмак. Башка дагы даярдалган күчтөр болгон. Бул митингдин табияты дээрлик башка. Талаптардын гана негизинде. Эч кандай күч колдонуу болбойт. Эгер аракеттер боло турган болсо, бизде камералар иштейт. Тартипти сактаган атайын күчтөр болот. Милицияны да чакырабыз. Мамлекет тараптан да, өзүбүз жактан да күчтөр болот.
«Кел-кел» жаштар уюмунун лидери Алишер Мамасалиев 29-апрелдеги митингдин бирдиктүү түсү тандалып, белгиси даярдалып, алардын негизинде ураандар, ырдалуучу ырлар даярдалып жатканын айтты. «Интербилим» борборунун башчысы Асия Сасыкбаева митингди уюштурууга чет жактардан жардамдар келип жаткандыгы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды. Анын айтымында, бардык чыгымдарды штабдын мүчөлөрү өздөрү көтөрүп жатышат. Мүчө болуп кирген коомдук уюмдардын саны 50дөн ашып калды.
Оппозициянын аракеттери коомчулукта кайрадан карама-каршылыкты пайда кылышы мүмкүн, деп билдирди «Азаттыкка» президенттин карамагындагы Адам укуктарын коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун:
- Көпчүлүгү 24-мартты мамлекеттик төңкөрүш катары баалап атышат. Бирок, революцияны жактаган күчтөр бар. Алар да чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, бул жерде коркунуч бар.
Укук коргоочунун айтымында, президент оппозиция менен митингде эмес, КТР аркылуу түз ободо баарлашуу демилгесин көтөрүп, бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.