Парламент өкмөт отчетун эмки жумада карайт

БИШКЕК. Өкмөттүн 2005-жылдагы иши тууралуу премьер-министр Феликс Куловдун отчетун угууга парламент эмки дүйшөмбүдө киришет. Өкмөт таанышуу үчүн парламентке жиберген бул отчет үч бөлүктөн: Николай Танаев, Курманбек Бакиев жана Феликс Кулов өкмөт башкарып турган убактагы аткарылган иштерден турат.