Вашингтон Кыргызстандагы аскер базасы үчүн көбүрөөк каражат төлөгөнгө даяр

БИШКЕК. Ганси аскердик базасы боюнча жаңы келишимдин шарттарын талкуулаш үчүн жакында АКШдан эксперттердин жаңы тобу келет. Бул тууралуу "Азаттыкка" коргоо министри Исмаил Исаков билдирди. Кыргызстанга эксперттердин алгачкы тобу ноябрь айында келип кыргыз тараптын шарттарын угуп кеткен. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович америкалык бийлик база үчүн көбүрөөк каражат берүүгө даяр деп кечээ АКИпресс агенттигине билдирди. Жаңы келишим боюнча Кыргызстан 200 миллион доллар сурап жатат.