Кыргызстан бизнес чөйрөдө 84- орунду ээлейт

БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда бизнестик чөйрөнү жакшыртуунун чаралары талкууланат. Аны дүйнөлүк банк жана ЮСАИД уюмдары уюштуруп жатат. Жыйында дүйнөнүн 155 мамлекетиндеги бизнестин абалы боюнча 2006- жылкы отчет жарыяланат. Дүйнөлүк банктын эксперттеринин иликтөөсүнө караганда, Кыргызстан 84-орунда турат. Бүгүн бул отчетту түзгөн эксперт Симеон Жанков кыргызстандык ишкерлер менен пикир алышмакчы.


Чолпон Орозобекова