«БАКИЕВДИН КАДР САЯСАТЫНДА ЫРААТТУУЛУК ЖОК» ДЕЙТ ОППОЗИЦИЯ

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр бийликтен кадр саясатындагы баш аламандыкка чек коюуну талап кылышууда. Талап аткарылбаса президентке импичмент жарыялоого чейинки кадамдар жасалыш ыктымалдыгын 17-апрелде экс-төрага Өмүрбек Текебаев билдирди.
Кадр саясатына байланышкан сын-пикирлер президент Курманбек Бакиевдин дарегине тынымсыз айтылып келатат. Кызмат орундарга кадр дайындоодо негизинен жек-жааттык, ылым санаалаштык, тууганчылык башкы критерий болуп, тандоонун кесипкөйлүк принцибине маани берилбей жаткандыгын айтып жүрүшөт. Президентти кадр тандоодо ырааттуу иш жүргүзбөй жатат деп сындагандар да бар. Анын бул багытта кайрадан сынга кабылышына өткөн аптада Ош, Жалалабад облустарынан үч акимдин кызматтан четтетилиши шылтоо болду. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты, экс-төрага Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президент Бакиевди мыйзамдарды аткарбай жатат деп кескин сындады:

- Мына президент акимдерди эч ким менен кеңешпестен коюп атат. Мына Акаев өзүнүн он бешинчи жылында депутаттардын батасын алып, анан жардыкка кол коет эле. Милдетин аткаруучу деп, мыйзамсыз отургузуп атат. Мен муну бийликти узурпациялоо, Конституцияны көз көрүнөө бузуу деп эсептейм. Бул Бакиевге импичмент жарыялап, оор кылмыш катары жазага тартканга негиз болот.

Муну Текебаев акимдерди дайындоодо жергиликтүү кеңеш депутаттарынын макулдугу суралбай жаткандыгы менен байланыштырды.

Ыңкылаптан кийин губернаторлукка дайындалып, кайра жыл этегинде бошотулган Ош облустунун мурдагы губернатору Анвар Артыковдун айтымында кадр саясатында ыраттуулук жок:

- Колунан кармап албагандан кийин сотко бериши мүмкүн. Бирок, элдин баары эле бийлик сатылып атат деп айтып атышат. Сатылбаса мындай болбойт эле да. Бир кызыкчылык бар да. Же тууганчылык же материалдык кызыкчылык бар. Мына мен Ошто бир жума жүрүп келдим. Элдин баары паракорлук үч эсе көбөйдү деп айтып атышат.

Президенттин эки бир тууганын элчиликке, дагы бирин коопсуздук кызматына дайындаганын да Бакиевдин кыраакы эмес кадамы катары баалап жүрүшөт. Бирок, Курманбек Бакиев бир туугандарынын дараметин жогору баалаган үчүн мамлекеттик кызматка койгонун белгилеп келатат.

- Силер туура түшүнгүлө, алар дагы Кыргызстандын атуулдары. Мен алардын баарын бир жакка жогото албайм да. Алардын да үй-бүлөсү, конституциялык укуктары бар. Ошондуктан, буга түшүнүү менен караш керек, - деген Президент Курманбек Бакиев революциянын бир жылдыгы белгиленген март айында.

Кадр саясатына байланыштуу президентке айтылып жаткан сындарды айрым саясатчылар жактырган жери жок. Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбек Керимкулов муну саясий оюн дейт:

- Бул оюн. Мына азыр дагы бир нерселерге байланыштырып айтып атышат. Ошол эле күчтөр кечээ-мурдагүнү башканы ырдап жүрүшкөн. Бүгүн башка. Демек, бир оюн бар.

Дагы бир депутат Роман Шиндин баамында кадр саясатында кандай башаламандык болуп атканын иш жүзүндө далилдеп бергендер жок болуп жатат.

Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өткөн аптанын этегинде кызматынан четтетилген үч акимдан бири, Сузак районунун мурдагы башчысы Тагайбек Жаркынбаев келерки жумада президент Курманбек Бакиевге келип, акимдиктен алынышынын себеп-жайына байланыштуу көзмө-көз сүйлөшүүгө аракет кылган жатат. Ал өзүнүн кызматтан эмне себептен кеткендигин билбейт.