13-апрелде Жалалабатта жана Алабука районунда тегерек үстөл өткөргөн коомдук- саясий, бейөкмөт уюмдар өлкөдөгү азыркы кырдаалга, социалдык-экономикалык абалга жана коалициянын президенти Эдил Байсаловго болгон кол салууга тынчсыздануусун билдиришти. Алар белгилегендей, бейөкмөт уюмдардын мамлекеттик түзүлүшкө зыян келтирер ою жок, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жакшыруусуна чоң салым кошууда. Элге көп нерселерди убада кылган бийлик коррупция жана кылмыштуулукту азайта албаганы менен тоо айылдарындагы мектептердин окуучуларын жеңил тамак менен камсыздап жакшы иш кылды.
Коалициянын президенти Эдил Байсаловго жасалган кол салуу, “Чолпоната” бейөкмөт уюмунун башчысы Кашым Эрматовдун оюу боюнча башкаруу ыкмасындагы кемчиликтер менен үчүнчү күч тарабынан жасалды:
- Мамлекетибизде башкаруу структурасынын туура эмес жолго коюлганынан, экинчиден кыргызчылыктын күчөп кеткенине байланыштуу болуп атат. Мындан тышкары үчүнчү күч бардыр. Ошон үчүн Эдил Байсаловго кечеги болгон кол салуусуна туура изилдөө жүргүзүлсө деп ойлойм.
Шаар тургуну Бегайым Кыдырова депутаттарды жана таанымал адамдарды өлтүргөндөр табылбай жаткандыгына тынчсызданып, Байсаловду башка чапкан адамды батыраак таап, жазалоону талап кылды:
- Адам өмүрү бааланбай келатат.
Юрист Айнура Осмонова ыңкылапчыл Украина сыяктуу Кыргызстанда өзгөрүү жасалбай, бейөкмөт уюмдарга терс көз караш жаралганы менен макул болгон жок. Ал бийликтин мектептеги жеткинчектерди жеңил тамак менен камсыз кылуусун жакшы жышаан катары баалады:
- Проблемаларын чече албасаңар, эл өзүнүн проблемасын өзү чечип аткандан кийин жөн койгула. Айылдардагы мектептердеги балдарга сүт менен булочка бергени жөнүндө президент катуу туруп атты, ошону аткарып атышат. Ал да жакшы нерсе, бирок бул менен маселенин баарын чече албайт.
Талкууда белгиленгендей, өзгөрүү болуу үчүн бийлик башын тиктеп олтура берүү жарабайт. 30 бейөкмөт уюм башчысы кол коюп, президент менен өкмөткө, Жогорку Кеңеш менен Башкы прокуратурага жиберген кайрылуу бийликти кылмыш дүйнөcүн ооздуктоого чакырып, Эдил Байсаловго кол салгандарды таап-жазалоо, эски бийликтин кемчиликтерин кайталабоо, коррупцияны жоюу талаптары коюлду. Талаптар аткарылбаса, Коалициянын облустагы координатору Чолпон Эргешова айткандай, нааразылык акциялары башталат:
- Кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө чечкинсиз аракеттери жана өз жарандарын коргоого жөндөмсүздүгү бизди абдан тынчсыздандырууда. Биз ошол бийлик бутактарынан талап кылат элек, жарандарыбыздын коопсуздугун сактоо боюнча чечкиндүү иш аракеттерди кабыл алса жана аны аткарса. Менимче, бүгүнкү күнү жарандык коомдун сабырдуулугу да түгөнүп баратат. Эгерде биз койгон талаптар аткарылбаса өз укугубузду сактоо үчүн биз массалык жарандык акцияларды өткөрүүгө даярбыз.