БИШКЕК. Жаш саясатчылар бийликтен конституциялык реформаны талап кылышат, болбосо бийликтегилер кызматтан кетүүгө тийиш. Мындай билдирүү бүгүн Бишкекте “Жаш саясатчылар” форумунда кабыл алынган кайрылууда айтылды. Анда 2006-жылдын аягына чейин конституциялык реформа жүргүзүлбөсө Президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов баштаган өкмөт орундарын бошотушу керек. Кайрылууда 29-апрелде өтө турган митингге жаштарды жигердүү катышууга чакырык ташталып, мамлекеттик телерадио компанияга окуяларды так чагылдыруу керек деген талап коюлган.