Эхуд Олмерт бүгүнтөн тартып Израилдин премьер-министри болуп калды

Мурдагы өкмөт башчысы Ариэл Шарон кызматка жараксыз деп табылды. Шарон мээсине кан куюлуп, 4-январдан бери эс-учуна келе элек. Олмерт ошондой эле парламенттик шайлоодо утуп чыккан Кадима партиясынын лидери катары коалициялык жаңы өкмөт түзгөнгө аракет кылууда. Бул партияны да Шарон түзгөн эле.