Араб өлкөлөрүнүн министрлери Ирактагы кырдаалды талкууга алышат

Бүгүн Мисирдин баш калаасы Каирде Араб өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт. Алар Ирактагы кырдаалды талкуулашаары күтүлүүдө. Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари Мисирдин президенти Хосни Мубарактын жакында Ирак жөнүндө айткан сөздөрүнө жооп катары бул жолугушууга келбей турганын билдирди. Хосни Мубарак: “Ирак дээрлик граждандык согушта жашап жатат”, - деп, шийилер башкарган Ирак өкмөтү Ирандын таасири астында калганын айткан эле. Мисир болсо, Ирактын чечимине карабай, жолугушуу баары бир өтө турганын билдирди.