Италиядагы парламенттик шайлоодо Романо Проди жетектеген орто-солчул коалиция жеңди

Бул тууралуу кечээ өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Анткен менен азыркы премьер-министр Сильвио Берлускони жеңилип калганын мойнуна ала элек. Оппозициячыл Продинин коалициясы парламенттин эки палатасында тең көпчүлүк орунду ээледи. Проди менен орто-оңчул коалицияны баштаган Сильвио Берлускони топтогон добуштар ортосунда ажырым өтө кичине болгон. Шайлоонун соңку расмий жыйынтыктары Италиянын Жогорку Соту тарабынан да ырасталышы лаазым.