11-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары жаңы бийликтин каталыктары жана жекшемби күнү болгон шайлоонун жыйынтыктары тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.
11-апрелдеги “Агым” гезити “Оюн салат оомо бийлик кулундары”, “Ак шумкар боосу жулунуп, Акүйдүн тили сунулуп..” деген фотоколлаж менен чыкты.
“Президент Курманбек Бакиев ушу тапта алапайын таппай калды. Мамлекет башкарууда чоң каталыктарды кетирип, жумушсуздук күчөдү. Криминалитеттен кутула албады. Бийликте чылгый интрига, талаш- тартышуу... Дал ушул калпыстыктардын келеринен Акүй митингдердин курчоосунда калды” деп жазат кабарчы Асланбек Сартбаев.
“Кыргызстан туңгуюкка келип калды. Акүй- Көкүй криминалга аралашкан соң кайсыл үмүткө жылынабыз. Эгер Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов мамлекеттии башкара албаса, жылуу- жумшак кетип калуу жолун деле ойлош керек. Кийин кеч болуп калат...” деп жыйынтыктайт “Агымдагы” макаласын Асланбек Сартбаев.
“Агым”, “Аалам”, “Кыргыз руху”, “Кыргыз туусу” жана башка гезиттер Кыргызстандын үч округундагы шайлоонун алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Анда №69-Балыкчы шайлоо округунан 80 пайызга жакын добуш менен Рысбек Акматбаевдин озуп чыгышы, аны депутаттыкка каттоо, каттабоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы карама- каршы мыйзамдарды тактоосу зарылдыгы айтылган.
“Аалам” гезитине берген маегинде мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов кыргыз көчү, бабалар мурасы, улуттук дөөлөттөр жана азербайжан элинин дүйнөлүк курултайына катышып келгени тууралуу кеп кылат. “Кыргыз тили биздин эне тилибиздин түп нускасы. Биз үчүн сактагыла. Биз эне тилибиздин түп нускасына, төл үлгүсүнө муктажбыз” дешти түрк жана азербайжан элинин өкүлдөрү “ дейт мамкатчы.
“Кыргыз Туусу” гезити парламенттик шайлоодо “Рысбек Акматбаевдин жылдызы жанды” деп маалымдады. Ошондой эле экс-президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Москва шаарынын престиждүү райондорунун бирине оюн-зоок борборун ачууга камынып жатканын, ачыылуу аземи апрель айынын аяк ченинде болоорун, борбор ресторандан жана түнкү клубдан турарын “Кыргыз руху” кабарлады.
Гиннестин рекорддор китебине кирген белгилүү каскадёр, актер Үсөн Кудайбергеновду эскерүү кечеси тууралуу маалымат каражаттары репортаж беришти.
“Кыргызстан сөзсүз түрдө Кумтөрдү кайра кайрып алууга тийиш. “Кумтөр” коррупциянын бешиги болду. Баары Борис Бирштейнден башталды. Ал бизге коррупцияны үйрөттү. 276 млн. доллар менен курулуп бүтүш керек эле. Алар кымбатка бүтүрдү. 176 миллионго кымбатка түштү. Ошону менен биз 300 млн. төктүк. Кумөрдө 800 тонна алтын бар 200 тоннасын азыр иштеткен жатабыз. Эми аны чет элдиктерге берип койдук. Бул барып турган уят иш”,- дейт өлкөнүн тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев
“Кыргыз рухуна” берген маегинде.
Өткөн ишемби күнү болгон “Биз криминалга каршыбыз” аттуу митинг жөө жүрүштөн “МСН”, “Агым”, “Кыргыз руху” гезиттери гана кеңири репортаж беришти.
“МСН” гезитинде баяндамачы Вячеслав Тимирбаев чет элдик донорлордон алынган кредиттер кайда жумшалганын талдоого алат. Чет элден алынган 2 млрд. америка долларынан ашык кредит уурдалып, таланып, шамалга чачылгандай жок болгон.
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Аскар Акаевдин ысымы алтын тамгалар менен жазылып калуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бул мүмкүнчүлүктү биринчи президент колдон чыгарды, жаманатты болду. Мамлекеттин кадыр-баркын көтөрүү, социалдык, экономикалык өнүгүүгө багыттоо, элдин турмушун жакшыртуу милдетин Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов аркалай алаар бекен. Биринчи президент кетирген мүмкүнчүлүктү алар колдоно алабы? деп суроо коёт Вячеслав Тимирбаев.
Ушул “МСН” гезитинде вице-премьер министр Адахан Мадумаровдун маеги чыкты. Анда өлкөнүн социалдык, экономикалык абалы тууралуу сөз болот. Өлкөнү саясий, экономикалык, социалдык багыттар боюнча 2010- жылга чейин өнүктүрүү программасын чечмелеп берген Адахан Мадумаров.
“Эркин Тоо” гезити өлкөдөгү коррупция менен күрөшүү тууралуу талкуу уюштурган. Ошондой эле милиция менен полициянын айырмачылыктары тууралуу түрдүү пикирлер да жарыяланды.