Чолпон Орозобекова , Бишкек Рыспек Акматбаевдин 79 пайыз менен өтүшү айрымдар үчүн күтүүсүз болсо, ал эми кай бирлер күмөн санаган да эмес. Эми ал парламентке барып инисинин ордуна отурат. Палата аны жылуу тосуп алабы же айрым депутаттар убада боюнча аны жээрип чыгабы?
Парламенттеги бош орундардын ичинен айрыкча Балыкчы чөлкөмү коомчулуктун көңүлүн айрыкча бурду көрүнөт. Рыспек өтөт же өтпөйт деген түкшүмөлдөр күчөп турганда ал 79 пайыз добуш алганы белгилүү болду. Жергиликтүү байкоочулардын көпчүлүгү шайлоо жарышынан алып салган БШК талапкерге бекер үгүт жасап берди деп, ошол окуялардан кийин Рыспектин кадыр- баркы өскөнүн белгилешет:
- Президент өзү чыгып атса, анан соттон жеңип келип атса.. Ушунун баары элге катуу таасир этти. Мурда жактырбагандар деле ошондон киийн кыйын экен деп мактап чыгышты. Ушул окуялар Рыспектин өзүнө гана пайдалуу болду окшойт, -дейт Данко бейөкмөт уюмунун лидери Нурбүбү Керимова. Анын пикиринде, добуш берүүнүн жүрүшү жалпысынан тынч өттү жана орой мыйзам бузуулар катталган жок. “Бирок автоунаалар менен адамдарды ташып келүү байкалды” дейт Нурбүбү Керимова.
“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов Рыспек Акматбаев коркутуп- үркүтүүлөрдүн аркасы менен депутат болду деген пикирде:
- Балыкчынын элин кой, президенттин өзүн да коркутуп албадыбы? Рыспек Акматбаев жалаң коркутуп- үркүтүү жана кысым көрсөтүүнүн аркасы менен ушундай жыйынтыкка жетишти.
Эдил Байсаловдун ишениминде, Рысбек Акматбаевдин депутаттык мандаты Бермет Акаеваныкы сыяктуу эле акыры качандыр бир жокко чыгарылат .
Рыспек Акматбаев кайсы бир интервьюсунда парламентке барып өзүм тартип орнотом деп айткан. Аны Жогорку Кеңеште эмнелер күтүп атат? Буга чейин Мелис Эшимканов бойкот жарыялоо катары жыйырмага чукул депутат кызматтарын тапшырышы ыктымал деп билдирген. Эми, добуш берүүнүн жыйынтыгын уккандан кийин Мелис Эшимкановдун сөзү башкача чыгып калыптыр.
- Бойкот жарыялап келбей коюу тууралуу ойлор болгон. Эми бул нерсени ар бир депутат өзү чечиши керек. Шайлоонун жыйынтыгын көрдүңөр да, эл каалайт экен. Шайлоочулардын ишеними менен келип атса биз эмне кыла алабыз,-деди Мелис Эшимканов.
Депутат Жантөрө Сатыбалдиевдун айтымында, эл шайлаган адам менен эсептешпегенге арга жок.
Бирок Рыспек Акматбаевдин депутаттык ант берүүсү жакынкы күндөрү болбойт окшойт. БШК аны каттоого шашылган жок, азырынча шайлоо кодексинин бири-бирине карама каршы келген беренелерин түшүндүрүп берүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылды.