Рысбек Акматбаев шайлоодо 79% добуш алды

БИШКЕК. № 69 Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Рыспек Акматбаев 79 пайыз добуш алып, алдыга чыкты. Андан кийин Таалай Дегенбаев 6,8%, Өмүрбек Эгембердиев 6,4% добуш алышты.

Балыкчы, Кадамжай жана Куршаб округдары боюнча парламентке шайлоонун жыйынтыктарын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн саат 10до жарыя кылаары күтүлүүдө.