Кадамжай, Куршаб жана Балыкчы округдарында депутаттык шайлоо өтүп жатат

БИШКЕК. Бүгүн эртең мененки саат сегизден бери Кыргызстандагы үч шайлоо округунда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Алардын ичинен №16 Куршаб округунда 7, №39 Кадамжай округунда 9, №69 Балыкчы округунда 6 талапкер ат салышууда. БШКнын маалыматына караганда, кечки саат төрткө карата Кадамжай шайлоо округунан добуш берген шайлоочулардын саны 48%тен, Куршаб округунда 30%тен ашты, Балыкчы шайлоо округунда 41%ке жакындады.
Добуш берүү Шайлоо кодекси боюнча кечки саат сегизде соңуна чыгат. Ага эл аралык уюмдардан 25 байкоочу көз салууда. Алардын төртөө ЕККУнун, он төртү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин атынан катталышкан.