БИШКЕК. Бүгүн “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар бирикмесинин демилгеси менен уюштурулган жөө жүрүш акциясы өттү. Анын катышуучулары бийликти кылмыштуулук менен биригип кетти деп айыптап сүйлөштү, өлкөдө коопсуздукту, туруктуулукту камсыз кылууга үндөштү. Саясий демократиялык реформаларды жүргүзүү жөнүндө элге берген убадаларын жаңы бийлик бир жылдан бери аткарбай койгонун сындашты. Жөө жүрүштүн катышуучулары өкмөт үйүнүн жанына барышып президент Курманбек Бакиевди, премьер-министр Феликс Куловду эл менен жолугушууга чакырышты. Бирок алар чыгышкан жок. Эл менен жолугушууга барган мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловго сөз берилбеди.