“Содружество” партиясынын биринчи курултайы өттү

БИШКЕК. Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана башка көйгөлүү маселелерин чечүү, КМШ өлкөлөрү менен тыгыз кызматташуусун бекемдөө “Содружество” партиясынын башкы максаттары болуп саналат,- деп билдирди партиянын лидери Владимир Нефадьев анын биринчи курултайында. Курултайга катышкан 500дөн ашуун делегат партиянын уставын, программасын кабыл алышып, башкаруу органын бекитишти.