Багдадда үч жарылуу болуп, жетимиштен ашык киши өлдү

Кечээ күнү Багдад шаарындагы шийи мечитинде үч жарылуу болгондон жетимиштен ашык адам курман болду. Жарылууларды аял киймин кийип келген үч жан кечти жасаган. Жүздөн ашык киши жараат алды. Жарылуулар алдында өлкөнүн ички иштер министри элге кайрылып, мечит же базарларга элди чогулбоого чакырган, анткени жарылуу болушу мүмкүн деген маалымат түшкөн.