Бүгүн Минск шаарында президент болуп кайра шайланган Александр Лукашенка салтанаттуу ант берет. Аны менен байланыштуу аскерий парад дагы өткөрүлөт. Лукашенка алгач президент болуп 1994-жылы шайланган, кийин элдик референдум аркылуу президенттик мөөнөтүн бир жолу узартып, андан соң 2001-жылы экинчи жолу шайланган, 2004-жылдагы референдумда болсо анын үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланышына эл макулдук берген. Акыркы шайлоо 19-мартта өткөрүлдү. Кечээ күнү Минскиде дагы бир оппозициялык митинг күч менен таркатылып, анын эки катышуучусу кармалып кетти.