Жибутиде кеме кыйрап, кеминде 69 адам мерт болду

Жибути – Африканын чыгыш тарабындагы мамлекет. Кабарларга караганда, жүргүнчү кеме өлкөнүн башкы портунан Кызыл деңизге чыгып кеткенден кийин оодарылган. 80 жакын киши аман куткарылганы маалымдалды.
Кырсыктын себеби кемедегилердин санынын нормадагыдан көптүгү өңдөнөт.