Израилдин президенти бүгүн Эхуд Олмертке жаңы өкмөттү курууну расмий тапшырары күтүлүүдө

Быйыл жыл башында премьер- министр Ариэль Шарон мээсине кан куюлуп, ооруканага түшкөндөн бери өкмөт башчысынын милдетин аткарып келген
Эхуд Олмерт – Кадима партиясынын лидери. Аталган партия жакындагы шайлоодо парламенттен эң көп орун алган. Ага парламенттеги 120 орундун 29су таандык. Кадима экинчи орун ээлеген Эмгек партиясы менен өкмөттүк коалиция түзүүнү көздөөдө.