Азиза Турдуева, Бишкек 5-апрелде Стамбул шаарында өз иши жыйынтыктап жатып Демократия үчүн бүткүл дүйнөлүк кыймылдын 4-Ассамблеясы Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге жана премьер-министр Феликс Куловго атайын кайрылуу кабыл алды. Анда ыңкылап болду делген акыркы бир жыл аралыгында Кыргызстанда абал жакшырбай жаткандыгы тынчсыздануу менен белгиленген.
Түркиянын Стамбул шаарында 2-апрелде өз ишин баштаган Демократия үчүн бүткүл дүйнөлүк кыймылдын 4-Ассамблеясы «Демократияны алдыга жылдыруу: акыйкаттык, плюрализм жана катышуу» деген тема алдында өттү. Ассамблеянын ишине 125 өлкөдөн 500дөн ашуун укук коргоочу, саясат таануучу, окумуштуу, атуулдук коомдун активисттери катышты.
Жыйында демократия, адам укуктары, сөз эркиндигине байланыштуу маселелер, демократияны өнүктүрүүдө бейөкмөт уюмдардын орду, коррупцияга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Кыргызстандан Ассамблеяга катышып жаткан өкүлдөр билдиришкендей, ыңкылап болгон постсоветтик өлкөлөр – Грузия, Украина жана Кыргызстан тууралуу жыйында өзгөчө сөз болду. Ага катышкан кыргызстандык укук коргоочулар ыңкылаптан кийин өлкөдө орун алып жаткан өзгөрүүлөр, жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу маалымат беришти.
Алар Кыргызстандагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы соңку мезгилде начарлаганын белгилеп, кылмыштуулук күчөдү, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлбөй жатат деген маалыматтарды айтышты. Буга байланыштуу Ассамблея Кыргызстандын президенти менен премьер-министрине, жалпы элине кайрылуу кабыл алды. Анын мазмуну боюнча Стамбулдан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов төмөнкүлөрдү билдирди:
Жыйындын катышуучулары Кыргызстандын президентине, өкмөт башчысына атайын кайрылуу кабыл алды. Анда ыңкылаптан кийинки абалга карата тынчсыздануу айтылган. Анткени, ыңкылап болгондон кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанда чыныгы демократия орнотулар деген чоң үмүт пайда болгон эле. Жыйындын катышуучулары Кыргызстанда тескерисинче ыңкылаптын аброюн төмөндөткөн көрүнүштөр орун алып жаткандыгын белгилешти….,- деп маалымдады Эдил Байсалов «Азаттыкка».
Ал эми Төлөйкан Исмаилованын маалыматы боюнча жыйында Кыргызстандагы айрым оң көрүнүштөр жөнүңдө да айтылды. Мисалы, Кыргызстандагы акыркы президенттик шайлоо чыныгы демократиялык жол менен өткөрүлгөндүгү белгиленген.
Өткөн аптада Венада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары боюнча жыйынында да кыргызстандык бир катар укук коргоочулар уюмдун жетекчилигине өтүнүч менен кайрылышкан. Алар Кыргызстанда качкындарга байланыштуу эл аралык милдеттенмелердин аткарылышы жана тартип коргоо органдарында кыйноолордун колдонулбашы ЕККУ тарабынан көзөмөлгө алынсын деп өтүнүшкөн.
Кыргызстандагы бир катар саясий партиялар менен коомдук уюмдар да бийликтин өткөн бир жылдын ичинде жасаган аракеттерин сынга алышууда. Алардын пикиринде Кыргызстанда конституциялык реформа кечеңдетилүүдө, сөз эркиндигине кысым көрсөтүлүп, адам укуктарынын сакталышынын абалы начарлады, сот системасында да өзгөрүүлөр болгон жок.
Ал эми Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрү ыңкылаптан кийин өлкөдө кемчиликтер менен бирге оң жылыштар да болгонун белгилешүүдө.
Кыргызстанда демократияны орнотуудагы объективдүү мыйзам ченемдүү көрүнүштөр бар. Демократиялык коомду куруу өтө узак мөөнөттү талап кылат. Албетте, азыр кемчиликтер бар. Бирок, алардын баары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эң башкысы – бир жылдын ичинде стабилдүүлүк өкүм сүрүп, туруктуулукка жетиштик. Адам укуктары, соз эркиндиги боюнча жылыштар бар. Азыр саясий куунтукка учураган эч ким жок. Бул жетишкендиктер эмеспи? Мен мисалы, демократияны өнүктүрүүдө биз алдыга жылдык деп эсептейм , - деди Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов.