Темирди көркөм иштетүү дагы кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн байыркы түрүнүн бири. Байыркы учурларда усталар күмүштү, темирди отко эритип, узануунун ички сырларын мыкты өздөштүргөн. Аларды көркөм кооздукту түзүүчү чеберлер катары ардакташкан.
Темир устачылык жана зергерчилик өнөр атадан балага мурасталган. Зергерлердин көбү эркектер болсо, айрым учурларда зер буюмдарды жасоого аялдар да катышкан. Кыргыз чеберлери ар кандай техникалык ыкмаларды колдонушкан. Аларга жашытып-согуу, штамповкалоо, оюм-чийим түшүрүү, көркөмдөп көсөө жана кесүү, сыялоо, карартуу, азем торчолоо жана күмүш зымдар менен шөкөттөө жана башка ыкмалар кирген. Жасалгалоодо ар түрдүүлүккө умтулуп, зергер ар дайым көркөмдөп кооздоонун түрдүү ыкмаларын өз кыял чабыты менен айкалыштырган. Ал түгүл седеп, акак, коралль, баалуу каухар таштарды чөгөрүп аземдеген. Ата бабадан келе жаткан зергерчилик өнөр учур талабына ылайык ээ болуп, заманга шайкеш улуттук колоритти сактап, жаңыча түс, өң жана жаңылык берип келе жаткан “Кыргыз зергер” өнөрканасынын негиздөөчүлөрү эгиз бир туугандар Асан жана Үсөн Дүйшеевдер. Асан Дүйшеевдин айтымында, кыргыздын мыкты зергер усталарына көңүл бөлүнбөгөндүктөн Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөргө кетип калышкан. Ал түгүл башка усталар алардын жасаган буюмдарын көчүрүп, уурдап алышкан учурлар да көп кездешет. Ошондой эле зергерлер үчүн көргөзмө, кароолор аз уюштурулаарын Асан Дүйшеев белгиледи:
-Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрүнө караганда зергер усталар арбын. Таланттуу жигиттерге шарт түзүлбөгөндүктөн Алмата, Астана жана Орусиянын шаарларындагы алтын, күмүш баалуу темирлерди иштетүүчү ишканаларга кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле зергер усталардын эмгеги бааланбай, “Кыял” өндүрүштүк бирикмеси өгөй мамиле кылып, биздин жасаган буюмдарды Эл аралык көргөзмөлөргө өздөрү алып барышып, усталар чакырылбай калууда. Ал түгүл зергерчилик боюнча бир дагы көргөзмө уюштурулган жок.
Учурда кыз-келиндер күмүш шакек, сөйкө, билерик азем буюмдарын көп заказ берип, кыргыз күмүшү бааланаарын эгиздин түгөйү Үсөн Дүйшеев айтты.
-Күмүштү кыз-келиндер көбүрөөк колдонгондуктан бабалардан калган азем сөйкө, шакектерди учур талабына ылайыктап, жаштарга жарашыктуу кылып, улуттук өзгөчөлүктү сактоо менен жасап жүрөбүз. Мурдакы усталардын ыкмаларын колдонуу менен жаңыча түс, стиль менен жасалгалайбыз. Айрым учурда баалуу таштар менен чөгөрүп, көркөмдөйбүз. Айрым кардарлар өздөрү үлгүлөрүн заказ кылышат. Алардын калоосуна жараша эскиз чийип, чыгармачылык менен мамиле кылыбыз.
Эски шакек, сөйкөлөр бир кыйла олуттуу жана оор болгондуктан, учурда улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо менен жеңилдетип, асыл таштарды чөгөрүү менен жасашып жатканын усталар белгиледи. Аларды Бишкекте чет өлкөлөрдөн алынып келинген зер буюмдар арбын болгону менен кыргыздын зергер усталары жасаган буюмдарды саткан бир дагы дүкөн жоктугу өкүндүрөт.
Бишкекте зергер буюмдарын саткан бир нече дүкөндөр бар. Бирок, кыргыз зергерлери жасаган буюмдарды саткан бир дагы дүкөн жок. Чет өлкөдөн келген меймандар, туристтер кыргыздын улуттук зергер буюмдарын алууну каалашат. Бишкектеги зергерчилик дүкөндөрдөн андай буюмдарды табууга болбойт. Ошондуктан, Асан Дүйшеевдин айтымында, шаар жетекчилери, ишкерлер ушул маселени көңүлгө алып, кыргыз зергер усталарынын колунан жаралган улуттук азем буюмдарды саткан өзүнчө дүкөн же борбор ачуу учур талабы.