Кыргызстандык укук коргоочулар ЕККУнун Венадагы жыйынына катышышты

БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстанда кыйноолор колдонулбашына, качкындарга байланыштуу эл аралык нормалардын аткарылышына көзөмөл кылууга тийиш. Мындай өтүнүч 30-31-март күндөрү Венада өткөн ЕККУнун адам укуктарынын сакталышы боюнча жыйынында кыргызстандык укук коргоочулар тарабынан айтылды. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында жыйында кыргызстандык укук коргоочулар өлкөдө адам укуктарынын сакталышы начарлап баратканын белгилешти. Жогорку соттун төрагасы жана президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын өкүлдөрү өз кезегинде 24-марттан кийин Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы жакшырды деп билдирип келишет.