ЫСЫККӨЛ: ДЫЙКАНДАРДЫН МЭЭНЕТИ АРБЫН, БЕРЕКЕСИ АЗ

Рита Нурмамбет кызы, Каракол Ысыккөлдүк дыйкандар өткөн жылы буудайдан чыгашага учураса, мурдагы жылы эккен картошкаларынын акыбети кайтпай, малга жем болгону коомчулукка дайын. Облус жетекчилери быйыл болсо буудайдан арбын киреше алууга үмүт артып, айдоо аянттарын көбөйтүүдө.
Көлдүктөр буудай аянтын быйыл 100 миң гектарга жогорулатууну чечишти. Анткени, облус губернаторунун орунбасары Кабылбек Жумалиевдин айтымында, Орусияда эгин талааларынын 30-40 пайызын үшүк алгандыктан буудай наркы күзүндө 5-6 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошол эле маалда дыйкандарды жер салыгын төлөө быйыл буудай түрүндө эмес, акчалай талап кылынып аткандыгы беймазага салууда.

- Бир тыйын да төлөбөйбүз. Себеби жер актабаса, баары кымбатка турса кантип төлөйбүз. Менин өзүмдүн тракторум бар, эсептеп көрсөм 1 гектарга үрөндөн башка 5 миң сом кетет. Алганың 1 тонна буудай, быйыл Түптө 3 сомго түштү. Андан көрө сатып албайбызбы. Чарбаны толук талкалап бүттү, жер семирткич, солярка кымбат, үрөн жок - деди Ысыккөл районундагы Чоңсарай айылынын тургуну Канатбек Токсонбаев.

Түп районунун дыйкандарына барганыбызда техникаларын оңдоп жатышкан экен. Күрмөнтүлүк Акылбек Мырзабеков кол менен оталдырган трактордун тетиктери да кымбаттаганына кейип отуруптур:

- Жазгы талаа иштерине даярданып атабыз. Тракторлор эски, дөңгөлөк кымбат. Бир дөңгөлөгү 12 миң сом турат.

Акылбек Мурзабеков Түп районунда колорада коңузуна каршы күрөшүү быйыл дагы массалык түрдө жүрбөсө, картошка эккендер кур жалак каларын эскертти.

Облустагы жазгы талаа иштерине быйыл 7 миң 700 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 55 пайызы гана бар. Бул маселе, айыл чарба департаментинин маалыматына караганда, күйүүчү май үчүн өткөн жылы берилген 12 млн. сом карыз каражат элден чогулбай аткандыгы менен байланыштуу.

Көрсө, өткөн жайда мөндүр түшүп Тоң районунун миң гектар жерин, Аксуу районунун бир жарым миң гектар жерин, Түптүн 500 гектар, Жетиөгүз районунун 600 гектар жерин мөңдүр уруп кеткен. Чыгымга учураган дыйкандар күйүүчү май акысын кайтарып бере албай калышкан.

Быйыл дыйкандар үчүн дан азык буудайы дагы аз берилип, үрөн дагы тартыш. Мисалы, бир эле Ысыккөл районун алсак, азык-түлүк буудайы 640 тоннага, күйүүчү май 210 тоннага аз бөлүнгөн. Райондук айыл чарба департаментинин башчысы Абылбек Калыковдун ырасташынча быйылкы жылы дыйкандарга тартылган дагы бир түйшүк алган буудайды жылдагыдай башма-баш кайтарбай, эми бир тонна үстүнө дагы 70 кг. кошумча төлөп бериши керек