Премьер-министрдин тарапкерлери нааразылык акциясына чыкпай калышты

БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Куловдун жактоочулары 2-апрелде нааразылык акциясына чыкпайт. Мындай чечимди «Ар-намыс» партиясынын саясий кеңеши 1-апрелде кабыл алды. Бул тууралуу Феликс Кулов өзү суранып, партиялаштарын кырдаалды курчутпоого чакырган экен. «Ар-намыс» партиясы Куловду коргоо максатында акция уюштураарын бир күн мурда кабарлаган.