Кыргызстанга Европалык Союздун өкүлү Ян Кубиш келатат

БИШКЕК. Германиянын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка караганда, Европа Биримдигинин Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү Ян Кубиш эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга 4-апрелде келери күтүлүүдө. Ян Кубиш өлкөдөгү кырдаал менен таанышып, мамлекеттик жетекчилер менен эл аралык абалды, карым-катышты талкуулоо үчүн келатат.