Өкмөттүн энергетика байлыгын экспорттоо пландарын ЮСАИД колдойт

БИШКЕК. Кечээ өкмөттө отун энергетика комплексин өнүктүрүүнүн 2006-2010-жылдар үчүн Кыргызстандын улуттук программасынын долбоорун иштеп чыгуу максатында жумушчу топ түзүлдү. Борбор Азия аймагындагы энергосистеманы интеграциялоого байланышкан маселени долбоорго киргизүү белгиленди. Ушул эле күнү биринчи вице-премьер Медетбек Керимкулов менен болгон жолугушууда ЮСАИДдин өкүлү Дэниел Розенблум өкмөттүн мындай планын кубаттаган. Кыргызстан келечекте энергетикалык ресурсун Түштүк Азияга, Ооганстанга, Пакистанга жана Индияга сатуу ою бар.

Бурулкан Сарыгулова